тамчыла
- Тамчы-тамчы болуп бөлүнүп тамуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыбай, / Йобалыны сайганда, / Калдык кирди тура албай, / Бактыбайга жеткенде, / Көрүп калды Бекбача, / Карасурду камчылап, / Кара ниет Калдыктын, / Көзүнөн каны тамчылап, / Бактыбайга жакындап, / Чукул кирип барганда, / Алдындагы сур атты, / Камчыланып алганда, / Кутуласың кантип деп, / Алчыланып алганда, / Татыбекти Такырбаш, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…чүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…огуз уул кенжесин, / Кар кылбасын жасаган, / Мындай кылып пендесин / Ары өткөнү бирди чаап, / Бери өткөнү бирди чаап, / Айдай нурдуу бетинен, / Кызыл кан турат тамчылап, / Ойун кылып алыптыр, / Арык уйдай камчылап, / Качырга салган токум жок, / Жайдак минип соксоңдоп, / Желгени катуу дүкүлдөп, / Мындай кордук теги жок, / Ошонд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп байакы, / Желдет кайра жүгүрдү, / Эки жеңин камчылап, / Мурдунан каны тамчылап, / Айткан кеби угулбай, / Сүйлөй албай алсырап, / Тазкара кебин айтам, — деп, / Баш-айак кылып тамтырап, / Тапан хан, менен шумпай кыз, / Кучакташып отурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ак жал минип абакең / Сүтбоз менен энекең, / Койкүрөң менен Сейтек, / Ак куу болуп Айчүрөк, / Күн-түнү жок желиптир, / Кайыпчы жете келиптир, / Арстан Гүлүс караса, / Абакең келет шалкылдап, / Ак сакалы жаркылдап, / Каныкей келет каркылдап, / Эмчек сүтү тамчылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →