тамтаңда
- Тамтаң-тумтаң басуу, сендиректөө.
- өт. Байланышсыз, дайыны жок сүйлөө, так, даана айта албай жаңылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жандай чаап салбактап, / Убара болбос жакшы эмес, / Карды ачканды каңгырап, / Эгин издеп тамтаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Таманына шиш кагып, / Тамтаңдатып жүргөндө, / Айрып алып Таласка, / Алып барып тактырсам, / Тузга сийип, чунак ит, / Арамдык ойлоп сен турсаң, / Азыр да кесем башыңды, / Жамандыкка көөн бурсам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…та, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Келбей койсо дегеле, / Тазкаранын ыгын таап, / Мен жайлайым эми эле, / Тазкарадан айрылса, / Тамтаңдаган Чойтолоң / Өзү келет, — деди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атаңдын кунун ала албай, / Тамтаңдаган төрө — деп, / Тамашалап эл айтса, / Ага кантип чыдаймын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →