тамтай
- Кебетеси кетүү, жүдөө, темтейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Пейлин Сатай бузуптур, / Эшикке чыгып кеталбай, / Апкаарып Бетер кусуптур, / Жүрөгү чыгып апкаарып, / Басалбай Бетер тамтайып: / “Бар пейлимди билди, — деп, / Сатай кандай болду, — деп, / Иттен бетер чык деди, / Чыкпасам эми болбойт” – деп, / Эшикке чыгып ал бетер: / “Хан Сатайдын үстүнө, / Кириптирмин мен бекер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Испандын ханы Ачакан, / Качкан менен кутулуп, / Кеткен барбы ажалдан, / Таласка бардың тамтайып, / Караңгыда уйалбай, / Кайта качтың салпайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өзүнөн көрөт Тапан хан, / Дөөрүп сүйлөп тамтайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Акыл айтып уйалбай, / Келгенин кара мантайып, / Ар качандан бир качан, / Сен жүрөсүң сенделип, / Көрүнгөн жерде тамтайып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыйланы кылчу немедей, / Туш келтирип желекти, / Тиктеп калды тамтайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →