тамсил

китептерде 1 жолу
  1. Айбандарга же жаратылыштагы башка нерселерге берилген аллегориялык образдар аркылуу турмуштук окуяларды, адамдарды каймана мааниде сүрөттөгөн, көбүнчө ыр түрүндө жазылган акыл-насаат маанисиндеги адабий чыгарма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коркконун билип булардын, / Жалгызек турду муну айтып: / — Коркпогула, туугандар, / Мындай тамсил бир кеп бар - / “Сулуу кыз менен күлүк ат, / Кыраан бүркүт, зил тайган- / Төртөөнүн баасы жок болот” / “Кызыл тилдин сөөгү жок, / Баш сыпаанын жүзү жок”- / Элд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →