тамеки
- Никотини бар жазы жалбырактуу өсүмдүк жана анын тартуу же жыттоо үчүн кургатылып, майдаланып, атайын жолдор менен иштетилген жалбырагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн төбөдөн өткөндө, / Бешим болгон кездерде, / Ажыкең анда чыдайбы, / Сары жез чылым колго алды, / Анжийандын ак курма, / Тамекиден мол салды, / Кытайдын кызыл оттугу, / Кырып алган жер куусу, / Кой борумдай чок койду, / Коркурата бир сорду / Койо берди кекирип, / Түндүктөн түтүн буркурап, / Өрт алдыбы үйдү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колун салып койнуна, / Сууруп алды канжарды, / Алтымыш чейрек тамеки, / Аз бөксө болуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Найын кагып арытып, / Тамекисин жаңыртып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →