тамашала

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Тамашага салуу, тамаша сөз айтуу, күлкү үчүн бура сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Казандары боркулдап, / Казы-карта, май салып, / Конок келсе каркыттап, / Карчыга, уча, жал салып, / Ап-аппак кылып казанга, / Кардай кылып май салып, / Тамашалап бир-бирин, / Борсулдашып күлүшүп, / Урматташып карылар, / Бирин бири сүйүшүп, / Сагынышкан немедей, / Мойундашып көрүшүп, / Кемпирлери келишип, / Бирин-бири өб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Баатыр Манас төрөнүн, / Төлгөчүсү эр Төлөк, / Келдике болуп калдың” — деп, / Тамашалап күлүшчү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атаңдын кунун ала албай, / Тамтаңдаган төрө — деп, / Тамашалап эл айтса, / Ага кантип чыдаймын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Талаадан таап алдык,— деди Шадыкандын аялы тамашалап. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— деп мени тамашалайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →