тамаша

китептерде 90 жолу, 10 китепте
  1. Көңүл ачуу, шаттануу максатына ылайыкталган ар кандай шарттагы оюн-күлкү, оюн-зоок, таң-тамаша.
  2. Чындап эмес, ойноп сүйлөө, көңүл ачуу, күлкү чыгаруу иретинде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аттанып үйдөн жөнөйүн, / Эл аралап, жер чардап, / Ат жетер жерге барайын, / Капыр менен мусулман- / Ай менен күндүн кулагын, / Тийиштирип экөөнү, / Тамашага канайын, / Атактуу Манас көк жалды- / Айкөл шерди баш кылып, / Алты эске алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, / Кейпи суук калмактын, / Сел аккан суудай күжүлдөп, / Кабагын ачып ирмесе, / Асманда булут бүркөлөт, / Намыстанып Чойун алп, / Камчы басып сур атка, / Кененимге баратса, / Хан Дабытай, Кесилет, / Ачакан келет жанаша, / Эми болот көргөнгө, / Өтө кызык тамаша. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, – деп, / Курдаштар келди кашына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир жыл өтүп кетиптир, / Жыл айланып жетиптир, / Кутубайдын Кара дөө, / Жетисууда жата албай, / Кайыпчыда мурунтан, / Кайберендин кени бар, / Жерин чардап, эл чардап, / Тамаша кылып сайрандап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аттангын, баатыр, Гүлчоро, / Киши алалы жумушкер, / Жайлоого барып, жер чалып, / Тоолордон кулжа, теке атып, / Тамаша кылып келели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →