таманда
- Таманы менен ныктап басуу.
- Бут кийимге таман салуу, таш таман кагуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колуна жарак алгыча, / Үзөңгүгө тамандап, / Кобо калып Бекбача, / Төбөгө тартып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көтөн келте дүп этип, / Жүрөгү анын сак калып, / Бир өпкөнү тамандап, / Өтүп кетти ок кечип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кармап, / Тарткылашып найзаны, / Чиренишип күч сынап, / Камыш экен бул найза, / Каран калган куу найза, / Камыш туура сынабы, / Ийилбеген шум найза, / Үзөңгүгө тамандап, / Тура калып Сейитим, / Колтугун өөдө көтөрүп, / Жерге карай силккени, / Тик-тигинен жарылып, / Тараша найза кеткени, / Эми Тапак неткени, / Тал-тал кетип куу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кара дөөлөп акырып, / Өзүнү атын чакырып, / Оро-пара маңдайдан, / Үзөңгүгө тамандап, / Чокуга чаап жиберди, / Ээрдин тиштеп жалаңдап, / Чак деп үнү угулуп, / Башы кетип капкайда, / Балтанын сабы суурулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Найзаны кагып жиберип, / Ээрдин тиштеп көз ачып, / Кетейин деп кан чачып, / Үзөнгүгө тамандап, / Кобо калып такандап, / Колтугун чойуп чочкону, / Чокудан нары бир койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →