таман
- Буттун жер баса турган жалпак жагы, бети.
- Бут кийимдин жер баса турган жагы, бөлүгү.
- Арыктын, каналдын, кокту-колоттун, жылганын ж.б. түбү, түп жаккы тилкеси.
- Бир нерсенин жерге коюуга, жерде же башка бир нерсенин үстү менен жүрүүгө ылайыкталган тегиз бети.
- Кээ бир буюмдун жазы, жалпак келген бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таманына шиш кагып, / Тамтаңдатып жүргөндө, / Айрып алып Таласка, / Алып барып тактырсам, / Тузга сийип, чунак ит, / Арамдык ойлоп сен турсаң, / Азыр да кесем башыңды, / Жамандыкка көөн бурсам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таманга тери калтырбай, / Калдырак кара таш тилип, / Күнү-түндө бир чөйчөк, / Сууну койот ичирип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кас санаган кишиңиз, / Таманыңда кор болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →