тамактан
- Тамак-аш ичүү, оокаттануу, азыктануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уруксат бер сен мага, / Тамактанып келейин, / Тамактанып келгенде, / Сайдырып койсом мен сага, / Армандуу калдым дебейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…штан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак ичер убагым, / Тамактанып келейин, / Сенден нөөмөт сурадым, / Мени менен бирге бар, / Тамакты кантип айайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…кса Каныкей, / Атын байлап аркага, / Бура таркан Ажыбай, / Тосо барып Каныкей, / Алып келип үйүнө, / Эшик ачып киргизип, / Эпчи жакка өткөрүп, / Жатарда бышкан тамактан, / Казы-карта, жалынан, / Козунун куйрук майынан, / Көбүрүп турган кымыздан, / Айабай тамак ичирип, / Тамактанып болгон соң, / Капчыгы чыга тойгон соң,: / — Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дасторконун жайышып, / Тамактанып алышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →