тамакта
- Алкымдан, тамактан алуу, тамактан алып, муунтуу, коколоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл чогулуп барышып, / Күмбөзүнө баатырдын, / Малды коондой жарышып, / Ай тамактап агынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оорукта жаткан чоңдору, / Аскерге барчу колдорду, / Чоң Таласка караган, / Айылдагы баары адам, / Айкөл Манас баатырдын, / Күмбөзүнө барышты, / Семетей өзү баш болуп, / Ай тамактап жалынып, / Бирден малды чабышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ар кандай кыйын жумушта, / Кан төгүлгөн урушта, / Кысталыш жок тамакта, / Жер бетине чыккан чөп, / Андан кытай эли көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ай тамактап чалалы, / Куран окуп жаналы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →