тамак1
- Адамдын, өсүү, өнүгүү, жашоо шартына зарыл түрдө керектелүүчү, азык болуучу заттар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кой эти бышым ал жерде, / Чигитей менен Медеркан, / Коркутушуп турду эле, / Ал Торгойдун көзүнө, / Так тогуз жыл болду эле, / Тогуз жыл өтүп, күн кетип, / Жыл өткөндө Торгойдун, / Эсине түштү ак этип, / Жабыша түшүп ачылып, / Тамак айы так этип, / Ак киргендей көрүнөт, / Саамайына жаш жетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…н бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак ичер убагым, / Тамактанып келейин, / Сенден нөөмөт сурадым, / Мени менен бирге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…елеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак бирмес ав деймин...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →