талыкшы
- Алсыроо, чаалыгып талыгуу, чарчап алсыздануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күз айланып, кыш келип, / Келиптир, кайра жаз жетип, / Бир күнү туруп Сомбилек, / Өзүнчө тердеп шай кетип: / “Талыкшып бойум калыпмын, / Үч жылдан бери карата, / Козголбой жатып былк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бала таң атканча карап, таңга маал таң сүрө, талыкшып көзүн жумду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →