талык

китептерде 48 жолу, 8 китепте
  1. Чарчоо, чаалыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат үстүндө алыштык, / Арып- чарчап талыктык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачууга бойун алдырып, / Манас туруп талыгып, / Ачып көзүн караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртеси күнү болгондо, / Күн шашике болжолдо, / Кыздар менен Семетей, / Кырка чубап тургандай, / Ойго арыш алыптыр, / Ошондо карап тура албай, / Ойрон Гүлүс барыптыр, / Ээрчий жүрүп талыкпай, / Такыр кебин салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Азамат аман айыкса, / Сен чуркайсын талыкпай, / Кызматына жарайсын, / Чапканына чаалыкпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →