талтаңда
- Талтаң-талтаң этип басуу, талтактоо.
- өт. Обу жок эркелөө, орунсуз эркелей берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катышып келсең карпаңдап, / Мен качпаймын балпаңдап, / Канча келсең анча кел, / Атам Манас болгон соң, / Жалынбаймын жалпаңдап, / Эми кандай болом деп, / Эми коркпоймун талтаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аксакал уулдай талтаңдап, / Жата албайсың төрүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Минерине бир жылкы, / Калганы жок угуп кал, / Кара аскердин баарысы, / Жөө калышты салпаңдап, / Жөө басып барсак калың кол, / Бакма каздай талтаңдап, / Аттуу алар турбайбы, / Арстандай бир жалмап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кээ жеринде Алмамбет, / Белинен батып балпаңдап, / Ток этерге нерсе жок, / Токтой калып талтаңдап, / Кекиртектен суу кечип, / Мурдуна кирип бырылдап, / Жатагынын дайны жок, / Жаа тартууга алы жок, / Алмаң кирсе куу өрдөк, / Качпай турган жайы жок, / Балыкта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →