талпын
- Учууга умтулуу, канат сермөө, күүлөө.
- Эки колун сермеп умтулуу, обдулуу (отуруп калган кичинекей балага карата).
- өт. Алга умтулуу, илгерилөөнүн, өнүгүүнүн аракетинде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үңкүр кабак, үнү ачуу, / Карыш болот тырмактуу, / Качырганын узатпас, / Сегиз аршын буту бар, / Куйругунда куту бар, / Саңоорлору сары алтын, / Канаты күмүш ак туйгун, / Таштак бутак конушун, / Талпынды көккө карата.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болбосо алар жаныңда, / Барамын деп талпынба.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Талпынбай күндү бүркөсө, / Арка жүнү ак бедер, / Акшумкар турат колуңда, / Анын несин айтасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мени сагыныч жайлап, көңүлүм толкуп алда кандай бир белгисиз талапка талпынгандай боломун.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү Зейнеп канаттарын күүлөп бүтүп, ордуна келип жаткан соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →