талпылда

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Дайынсыз сүйлөө, баскан-турганы орунсуз болуу, далпылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Ажалың айдап келипсиң, / Алда кайдан талпылдап, / Тердиги жок ат минип, / Теминипсиң салпылдап, / Күүлөнүпсүң үйүңдө, / Көрсөтөм деп далбылдап, / Армансыз өлөм десеңер, / Уруксат кылдым мен сага, / Калганың… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каңгайдан чыгып Дабытай, / Күн батышты бетке алып, / Коросонду эске алып, / Кетип барат талпылдап, / Алдындагы Тору аты, / Араң барат шалпылдап, / Канча күнү жол басып, / Коросондун шаарына, / Жетип барды жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Оңолгуча Отогой, / Сайды Көкчө бооруна, / Боорунун каны салаалап, / Соорусунан аккан кан, / Бөлөк-бөлөк талаалап, / Отогой минген Тарпылдак, / Бурула албай талпылдап, / Сайып өттү эр Көкчө, / Оң жак карчыт этине, / Орнотуп найза бир ыкшап, / Соорусунан, боорунан, / Карчытынан агып кан, / Кайрат кылып тура албай, / Көкчөгө н… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында минген кызыл лөк, / Жүрүшү мунун бир бөлөк, / Төрт таманы талпылдап, / Жатканы кумду сапырат, / Эки көзү жаркырап, / Азуулары качырап, / Ууртунан көбүк буртулдап, / Минген ээси Терекбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Угуп Кашка каркылдап, / Ителгидей баркылдап: / — Жалгызек болбой жерге кир, / Айткан кебин тамтаңдап, / Жетисууга сен андан, / Не каласың талпылдап? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →