талпакта
- Эпсиз талпаңдаган көрүнүштө, кыймыл-аракетте болуу, талпаң-талпаң этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үйүн карай бет алып, / Учуп чыкты кайкактап, / Мурункудай уча албай, / Канатын сабап талпактап, / Жыйнап алып учалбай, / Көк жорудай салпактап, / Кызылкыз учуп кетиптир, / Жер арылып туман жок, / Баатыр Асыл нетиптир?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кажырлары далпактап, / Кулалысы шалпактап, / Канаты бар уча албай, / Жөө жүргөн көп талпактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баатыр Тапак талпактап, / Этектери далбактап, / Булагайлап жеңдери, / Шамал чыгып салбактап, / Кең багалек кайыш шым, / Топурак учуп балбактап: / — Эреним Сейит, кайдасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тазкара айтып болгунча, / Тапак келди талпактап, / Чойтолоң келди салпактап, / Тазкара менен Конушбай, / Төртөө келип биригип, / Эр Сейитти кучактап, / Бизди таштап кетпе, деп, / Көзүнүн жашы бурчактап, / Таштап кетсең бул жерге, / Шуркуйадан өлдүк, деп, / Сизди кайдан көрдүк?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тайгалантып калмакты, / Талпакта жундөй сабады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →