талпак
- Малдын, айбандын жерге салууга же жүн сабоого ылайыкталып кургатылган териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мен- мен деген далайдын, / Канын ичтиң, Кененим, / Көрүп туруп кейпиңди, / Өзүм эми келгемин, / Эми кайта жер бетин, / Экинчи көрөм дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сейит анда жок болсо, / Жүр деп айтып келмекчи, / Тил албаса кержеңдеп, / Эдебин колго бермекчи, / Чойтолоң менен Тазкара, / Талпагын ташка кермекчи.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
эл болсо, / Душман болсо, дос болсо, / Алдынан тосо барайын, / Издеп келген дос болсо, / Учурашып жанайын, / Кекенип келген жоо болсо, / Салгылашып багайын, / Талпагын ташка керейин, / Тартынбай туруп өлөйүн” / Деп ошентип Кара дөө: / — Жанымда Токой жолдошум, / Ар качан бирге сен болдуң, / Кайыпчы мага ак жолтой, / Аң уулап …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көтөрүп келген талпакка, / Керимбайды мингизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →