талпай
- Жазы, жайык болуп көрүнүү, жалпаюу.
- Эби-сыны жок, жалпайган көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ду шылыйып, / Майтору баспай калганын, / Көзү көргөн Калдык хан, / Өзүнчө күлүп жымыйып, / Сүйүнгөнү бөлөкчө, / Оозу ачылып ыржыйып, / Талаадай бети жайылып, / Талпайып мурду мылыйып, / Арамдык кылып жатабы, / Качып кетет экен, деп, / Имере тартып тизгинин, / Абдан байкап көз салып, / Тиктеп калып кылыйып, / Жана өзүнчө каткыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Алдыңкы ээги шалпайган, / Жонунда өркөч каркайган, / Азуулары аркайган, / Мингени төөнүн чоңу экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Аркасында чаң калган, / Чокмору бар колунда, / Арта салып ийинине, / Чандан эрден жан алган, / Каарын салып заарданган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айгыр тепек кептенип, / Укмуштуу мурду жалпайып, / Келип калды талпайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →