талоон

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Таланган, таламайга түшкөн абал, талангандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Талоонго кетип таңгытка, / Талаада өлүп жаткынча, / Өлтүрүп ийсе Бекбача, / Ойрон Манас төрөнүнү, / Оң жагында жаталы, / Оң жагында жатпасак, / Сол жагында жаталы, / Со… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Тоспосом жолун бекер, — деп, / Толкуган кыйан сел каптап, / Талоонго Талас кетер, — деп, / Талатып ийип Таласты, / Жоо сайышым кандай кеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Калдагай кулак чойун алп, / Жана кепти ал деди: / — Иле бойлоп, хан Чиктей, / Сен Таласка бар, — деди, / Жеткен жерде кыргызга, / Четинен талоон сал, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кызыл уук болуп кыргызың, / Кыйын болуп жумушуң, / Талоонго кетип калбасын, / Жаман турат каңгайлар, / Кудай бетин салбасын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найзага сайып көтөрүп, / Жалгыз көздүн өзүнө, / Айтты баатыр эр немең, / Далай кепти өткөрүп: / «Талоон койуп тынч элди, / Талайсыңбы, Жалгызкөз?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →