талканда
- Абдан майдалоо, быркыратуу.
- өт. Кыйратуу, жок кылуу, талкалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир колумду шакшактан, / Талкандап чаап таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кармасам ташты талкандап, / Качырышкан немени, / Келатамын кан жалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Тоого далай кеп кылды, / Кара дөө чыдап туралбай, / Тоодон кабар болгон жок, / Кара дөө чыдап туралбай, / Талкалап тоону түзөтүп, / Таап алам деп абамды, / Талкандап тоону кулатты, / Зоңкойгон зоону уратты, / Жолум үйдөй чойун баш, / Жок калды де жойулуп, / Алакан сөөгү көрүндү, / Кол териси сойулуп, / Колунан аккан канына,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бирин койбой талкандап / Түптүз кылды элди ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →