талкан

китептерде 59 жолу, 9 китепте
  1. Куурулган жана жаргылчакка, тегирменге тартылып майдаланган дан, азык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көк күмбөздүн сыйкырын, / Көрүнө калган таш талкан, / Сулаймат жолун тордоткон, / Хан калчаны баш кылып, / Жан жүрбөстүн кумунда, / Жети дөөнү сойлоткон, / Желмогуздун тукумун, / Жеринен үзүп жоготкон, / Жыйырма экиде жаш кеткен, / Сейитим атам жардам бер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баатырдан найза жеткенде, / Тоону талкан жерди бас, / Кургак жерден суу чыгып, / Көл айланып болгон саз, / Отор аттан кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үйдөй болуп калкайган, / Далысында калканы, / Кабылган киши каапырга, / Чыгып кетер талканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Быркырады калканы, / Туулганын чыкты талканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →