талкала

китептерде 217 жолу, 9 китепте
  1. Бүтүн нерсени майдалоо, майдалап сындыруу, майда-майда сыныкка, күкүмгө, майда бөлүктөргө айландыруу, кыйратуу.
  2. Бүлүнтүү, таш-талканын чыгаруу, ойрондотуу, кырып-жоюу, жок кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…че, / Таласка жетип барайын, / Колбуп жаткан кыргызды, / Койдой кесип баштарын, / Коондой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин бети көрүнбөс, / Топурак учкан боз чакта, / Камчы басып жөнөдү, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Көтөн ооз келтесин, / Көкчө көз октоп белендеп, / Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып өткөрүп, / Милтесине от берип, / Ооз отунун дарысын, / Бармак менен талкалап, / Арта салып кобурдан, / Тиктеп жатты чалкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Болжоп жүрүп Орусхан, / Таласка келип конду, деп, / Канчоро менен Кыйазды, / Талкалап такыр болду, деп, / Айткан эле биздерге, / Гүлнарды алып көчүрүп, / Келатабыз бул жерге”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Талкалансам мейли” — деп, / Маңдайлашып калганда, / Баатырларды карасаң, / Беттешип балта кармаган, / Кими каман, кими шер, / Киши билбей таң калган, / Бирөө кары Коңурбай, / Бирөө бала Гүлчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →