талда
- Тал-тал кылып бөлүү, бир-бирден бөлүү, ажыратуу, ылгоо.
- Изилдөө, анализ жүргүзүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…болуп карыйа, / Байбичелер чалкайып, / Басып турат айылда, / Жубандары залкайып, / Алганынын жанында, / Кыздары үкү сайынып, / Бооруна шуру тагынып, / Саамайын талдап таранып, / Тоту куштай сыланып, / Он бештен чачы тизилип, / Сагагын салып мойнуна, / Жүрөкчөсү карк алтын, / Беш манжага ак күмүш, / Шакектерин салынып, / Кулп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баары жакут табус / жүн, / Аркасында Айдары, / Ойуна кетип кайран эр, / Айдарын талдап санады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →