талгак

китептерде 23 жолу, 6 китепте
  1. Боюнда бар аялдын тамакка көңүлү келбей, белгилүү бир башка тамакты, даамды эңсеши, көксөөсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Талгагына келинге, / Алп каракуш, жолборстун, / Жумурткасын, жүрөгүн, / Таап келип беришти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тийгинче колго кызыгып, / Мергендер атып келгенде, / Беремин деп айтканды, / Беришке Жакып кысылып: / “Чыйырды талгак болду – деп, / Кетеби малым бузулуп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайсы жагы саа жарык, / Тегеретип ойлосоң, / Колумду булгап тийгизбей, / Тилимди тартпай сүйлөйүм, / Талгакчы киши мен болсом,. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Уруксат бер сен мага, / Болжол болсун бир айга, / Багдаттагы Момунжан, / Өткүр табып деп угам, / Өзөгүмөн жардырып, / Алдырып муну салайын, / Бар болсо анда пил эти, / Жеп талгактан канайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Талгак болгон Кылжыке, / Бирөө эмес эки ишке, / Жүрөгүнө жолборстун, / Тукумуна чоң куштун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →