талапташ
- Талабы бирге, тилектеш, максатташ, таламдаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Орол менен канатташ, / Букар менен талапташ,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жеңе Көкөй, жол болсун, / Үч Кошойдун бөксөдө, / Кең Таласта жол коштум, / Намыс үчүн аттанып, / Таластан келдим бул жерге, / Талапташ болгон мурунтан, / Медеркан акем мынаке, / Атыңан, Көкөй, түшө кал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Манастын өзү барында, / Ооган менен урушкан, / Коросон менен испанды, / Аны да кошо куруткан, / Талапташ жүргөн элбиз, деп, / Калдагай кулак, Чойун алп, / Атайын мени чакырткан, / Испандакы Ачакан, / Таштабады катардан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сени менен талапташ, / Жакшы күнү бир жүргөн, / Арам-адал тең жеген, / Кишилерди чакыргын, / Тиги келген желдетке, / Эртең барам деп айткын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Санаасы бирге талапташ, / Олуйа Кошой кары өткөн, / Айдай бети жаркыган, / Айткан кеп балдай татыган, / Акылман Бакай дагы өткөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →