талап

китептерде 271 жолу, 10 китепте
  1. Аткарылышын көздөгөн маселе, иштин иштелишине умтулгандык, керек деп табуучулук.
  2. Тилек, максат, талам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ылганып барган жүз отуз, / Айал-үйөл кылбастан, / Четинен талап алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Таласка барып эл талап, / Бүлүк салат экен, — деп, / Бейкут жаткан кыргыздар, / Түйшүк тартат экен, — деп, / Канткенде кылам кабарды, / Чигитей укса экен” – деп, / Көп эле акыл ойлон… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросон барып Дабытай, / Козголбой жатып ала албай, / Талап алган кыргызды, / Малы-пулун айабай, / Эки бөлөк кат жазып, / Саламат менен Ачакан- / Ал экөөнө деп, жазып, / Бат жеткизип келгин, деп, / Жөнөткөн эле бир күнү, / Эки киши аткарып, / Учурап калды Кененим, / Кетемин деп келатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аттанып сапар жол тартып, / Алыскы жолго жөнөйлү, / Калмак менен манжулар, / Нескара менен Коңурбай, / Кедендин уулу чоң Жолой, / Кыргызды бөлүп четинен, / Ар жылы талап жөн койбой, / Кыр көрсөтүп жүрбөйбү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей,” / Деген кеби ушгулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →