талаала
- Туш-тушка тарап кетүү, андаалап тароо, бытыроо, бет-бетинен басып кетүү.
- Салаа-салаа болуп агуу, шорголоп агып туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлүнүп чыкса талаалап, / Биз чыгалы алдынан, / Жолун торгоп сабаалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чыдай албай кангайлар, / Качып жүрөт талаалап, / Ошондой кыргын мезгилде, / Он миң балбан жетиптир, / Жалмасын алып салаалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп турганда салаңдап, / Аңгычакты Тазкара, / Кирип келди алаңдап, / Жан тери келип маңдайдан, / Куйулуп беттен талаалап: / — Сейитим баатыр, жол болсун / Арбагы Манас жолдошуң, / Арам айла кеп эмес, / Чынымды айтам, жолборсум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Толгоно басып келиндер, / Жөнөп кетет кыйшаңдап, / Илгеркиден калган нарк, / Бирине бири шыйпаңдаш, / Кай бири болот чоң сырдаш, / Кай бирөө калат талаалап, / Чогулушуп болгондо, / Эр Гүлүстөн кеп салат: / — Атамдан артык абам бар, / Ак сүтүн берген энем бар, / Эмчектеш болгон агам бар, / Өзүмдөй болгон иним бар, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калың казак биздин эл, / Талаалап калдык ар кайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →