тала
- Тиш салып жулкулдатуу, кабуу, улуп-жулуу (ит, карышкыр ж.б. карата).
- Чагуу, канын соруу (чиркей, чымын, аары ж.б. карата).
- өт. Таламай кылуу, талоонго түшүрүү, жабыла таламай кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар канча мыкты болсо да, / Жалгыз калды Бекбача, / Эркибизче талайбыз”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошол кезде Урманбет Аралдан аркыратып келет да, топтун үстүнөн чыгып көсөгөндөй барып, Ыбыке болуштун атын тала-шат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →