тал2
- Тарам-тарам болуп кеткен ичке нерселердин бир даанасы, айрым бир бөлүгү, бөлүнгөн бир тобу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →