такымда

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Жете жүрүү; артынан түшүү, артынан калбоо.
  2. өт. Өтө эле тактап, сөз узатпай асыла берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки тайган закымдап, / Калмактын ханы Чиктейге, / Жакын барды такымдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эшик эндүү айбалта, / Кыстарылуу такымда, / Көзүң менен көрөсүң, / Келер мезгил жакында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап койгун”, деп, / Сүйлөп кетет какылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…гунан атынын, / Созула түшүп, буу чыгып, / Кара тил найза колго алып, / Чокморун артып, жонго алып, / Кылычын салып кынына, / Айбалта байлап жанына, / Кетелеги такымда, / Баары курчтан такырда, / “Келе бери жарак деп, / Элди карап жүргүнчө, / Ала барсам болот, — деп, / Бирөөнүн кеми болгондо, / Тетиги турган Сомбилек, / Жексе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →