такылда

китептерде 64 жолу, 9 китепте
  1. Так-так эткен дабыш чыгуу, так-так этип урулуу, кагылуу.
  2. өт. Тыкан, бат-бат, так сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жорго салып мөөрөйгө, / Кообузчу жорголор, / Кандай сонун көрөргө, / Төрт айагы такылдап, / Арка буттун туйагы, / Үзөңгүгө чакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Кач… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көөдөндө соот, чарайна, / Такылдайт үнү тайганда, / Башыңда темир туулга, / Чак дегени угулат, / Балта менен салганда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…бөй талаада, / Сөөгүң калба башың жаш, / Деп сөзүн айтып ашырып, / Чокудан алыс таш уруп, / Желмогуз турду жапылдап, / Так кайырган комуздай, / Токтобой сүйлөп такылдап, / Шылдың кылган немедей, / Саның чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара дөө баатыр жөнөдү, / Чаңчыкпас атын такымдап, / Кирип келди Кара дөө, / Келаткан элге жакындап, / Алдында минген Чаңчыкпас, / Төрт айагы такылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →