тактык
- Дал келүүчүлүк, тууралык, аныктык, дааналык, ачык-айкындык.
- өт. Аныктык, тыкандык, жыйнактык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туңшадан бери карата, / Ушул журттун баарын ал, / Үстүмдө таажы багымды ал, / Зериккенде Бейжинден, / Тактыга бирди мингизип, / Кеткин, келсе кетип кал / Таажы менен багыны, / Баашалык өкүм тагыны, / Кызы менен шаарыны, / Бердим десе баарыны, / Хан каадасы ал экен, / С…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошол күнү зор Манас, / Кетериме калдың, деп, / Кудай урган Байматты, / Хан тактыга мингизип, / Хандык кийим кийгизип, / Хан наапага киргизип, / Кең базарга жумшады, / Кандай барып келгенин, / Жолдошунан укмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро нике кыйды эле, / Алтындан кылган тактыга, / Кебезден кылган пахтага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Угуп болуп Чокмогой, / Коктукаттын шаарына, / Эми эле улук болгондой, / Алып учуп калдастап, / Сүйүнгөнү ошондой: / “Билбейт экен Сомбилек, / Бекбачага уу берип, / Бизди өлтүрүп койду, деп, / Сыр алдырбай мен туруп, / Тактыга чыксам болду” – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →