тактай
- Жумуру жыгачтан (көбүнчө карагайдан) жукалап, эки жак бети тегизделип тилинген курулушка же ар кандай нерселерди жасоого керектелүүчү материал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросондун калаасын, / Койбой баарын аралап, / Табалбады Кененим, / Туш- тушка киши чаптырып, / Дабытайды ким тапса, / Баашалыгым берем деп, / Тактайга катты жаздырып, / Такыр дайнын таппады, / Дабытайдын жээн-тайын, / Жеп жоготту бүт баарын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Бир миң мылтык атылат, / Милте күйүп ок учат, / Үн угулуп тарсылдап; / Эки тактай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң муну айтат, / Ол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдындагы Карасуу, / Аскадан түшпөй шар аккан, / Тоону койуп түбүнө, / Тактайдан кынап жасаткан, / Оозунан ылдый агызган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баягы кандын эки уулу Асанды ээрчитип алып, жүрүп олтуруп, бир тактай кудукка барышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →