такта2

китептерде 123 жолу, 10 китепте такта 1 →
  1. Так кылуу, аныктоо, айкындоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Байлалуу турган Тору атты, / Барча тоодой мен көрдүм, / Жанында турган баатырды, / Баарын жутчуу эр көрдүм, / Темир шааны өлтүрүп, / Хан тактага мингенде, / Мен ошол күнү өлгөмүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Уул-кызы жок экен, / Ажал жетип, күн бүтүп, / Үйүндө өлсө Дабытай, / Ордун ээлеп тактага, / Ээ болору жок экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…үн шашке кезинде, / Баскалы турган нээтинде, / Токтор менен Чайаны, / Токтолбой жетип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, / Жыйын болуп хан такта, / Бий, акимдер чогулуп, / Арбын кеңеш кылышты, / Өткүр балта, курч бычак, / Кучак-кучак жыйышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Такта олтурган Сейитек, / Оң жанында зор Бакай, / Сол жанында Гүлүстөн, / Бакайдын ары жагында, / Аташканы айкөл шер, / Атанган энең Каныкей, / Гүлчоронун жанында, / Айдай жеңең Айчүрөк, / Кат жазуучу үстөлдө, / Жалгыз өзү Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алып келди ортого, / Кабылан Бакай, Нескара, / Башкарчу уруш хандары, / Катар койгон тактага, / Жумшак мамык пахтага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →