таксыр
- Бийликтеги адамга, мырзаларга урматтоо, ызат кылуу иретинде айтылган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отуз алты киши элек, / Опсуз салдык урушту, / Колуна курал алган жок, / Камчы менен курутту, / Барып кайра келгенче, / Алдайар таксыр ханыбыз, / Көргөн-билген жумуш бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Вазирлери кеп айтат: / — Алдайар таксыр ханыбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— Таксыр, баягы тентегиңиз ушул,— деди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Таксыр, ханым, мени он беш жаштагы балага алып берсеңиз, мен алып берейин, аны "Ит-Ичпестин Ала Көлүнөн суу алып кел, хан ооруп жатат, дарысы ошол суу экен, – десек барат, – үч күндөн калбай келгин, кала турган болсоң, аялың хандыкы дейбиз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Толук аткардым, таксыр, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →