такоол
- Туруштук, каршылык кылуучу күч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сага такоол эр эле, / Татыбек кетти урушка, / Тирүүлүктөн өлүм ак, / Эбегейсиз жумушка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ып келип Таластан, / Улук койду дечү эле, / Кабарлашып кулак сал, / Жедигердин ичинен, / Уламалап сурашсаң, / Баш көтөрүп тың чыгып, / Сөз табуучу чыр чыгып, / Такоол болсо биздерге, / Болжошуп туруп баралы, / Бузулбай келген Таласын, / Боз топурак кылалы, / Барбас болсо жедигер, / А да кыргыз уруусу, / Талап алып тыналы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аттанганда акжолтой, / Аркамда жүрсөң сан колдой, / Сен элең маа тага, / Такоолум элең артымда, / Тиреги элең калкымда, / Найзамды кармап турчу элең, / Көк жолборстой алдымда, / Мен Манас калдым бейпайда, / Көзүрүм чубак сен кайда?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жетимиш балбан жанында, / Ылгап алган эр экен, / Кайда болсо жетимиш, / Такоол болот дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Барып кел балам саламат, / Такоолу жок жалгызым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →