такалуу
- Такаланган, така урулган, такасы бар.
- Өкчөлүү, такасы бар (бут кийимге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айбанаттын артынан, / Шамал келет каркырап, / Таштар ташка урулуп, / Үнү угулуп шакылдап, / Такалуу аттын доошу бар, / Туш-тушунда такылдап, / Булутту минип ат кылып, / Камчы кылып жыланды, / Жалгыз бирөө сорчудай, / Бүткүл дүйнө ааламды, / Калайман салып Кыз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атам айткан Кененим, / “Ата журтуң Таласка, / Жат кишини бастырба, / Такалуу атка таластын, / Топурагын каздырба” / Насаатын кандай унутам?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ынып, / Доолбасын байланып, / Асабасын колго алып, / Алмамбет чыкты аттанып, / Ала тоодой заңкайып, / Телкызыл менен болкойуп, / Темирден найза койкойуп, / Жез такалуу нөөкөрү, / Жарашып бутта чөйкөйүп, / Сырттан Сыргак шаңданып, / Бейжинден чалгын чалуучу, / Белдүүдөн кабар алуучу, / Берендер кетти аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тандалган, / Оогандагы урушта, / Пилден коркуп калбаган, / Тордоп алып оогандар, / Алып кете албаган, / Телкызыл минип жарашып, / Темирден кийим жарашык, / Жез такалуу накери, / Келишип бутта чойкойуп, / Буттап темир курчанып, / Бет алган жакка чуу салып, / Бейжиндеги белдүүнүн, / Баарысы коркуп муңканып, / Бейжиндеги урушта,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Такалуу аттын изин чал, / Түшпөй өткөн сарт болсо, / Артынан кууп жолго сал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →