такала
- Така уруу, така кагуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Тайарланып Мөңкөтай, / Такалап атын турушсун, / Эми кайта угалык, / Мадананын жумушун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элчилери аттанып, / Тойундун суусун жакалап, / Кашкарга келип жатышып, / Жаңыртып атын такалап, / Эркечтам бойлоп жөнөдү, / Самарканды бакалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызыл сууда кылаңдап, / Кызыл тумшук Ажыбай, / Кетип барат чубаңдап, / Жаргылчакты жакалап, / Жаңыртып атын такалап, / Тескей тоо менен калкылдап, / Нар буурадай шалкылдап, / Кийгени күмүш күрөкө, / Күн чагылып жаркылдап, / Күрөң аттын касасы, / Карчытында шалпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тегеректеп келгенче, / Эрен Сыргак жеткени, / Калганын Сыргак такалап, / Тору атын минди абакең, / Тоодой болуп чалкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мунун бир чети тоого такалат да, экинчи чети Василийдин үйү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →