тайтай
- Эки бутту бири-биринен алысыраак коюп туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жата бербей тайтайып, / Бооруң бүтүн, башың сак, / Көөнүң куунак немедей, / Бейкут жүрдүң хан туруп, / Эчтекени элебей, / Кудай уруп таштады, / Ушу бүгүн ченебей, / Калмак келди үстүңө, / Токсон миң аскер тебелей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калтырбастан барайын, / Хан Коңурбай баш болгон, / Хандарын тапсам сойойун, / Канын ичип тойойун, / Тактасын талкан кылайын, / Тагдырдан келсе көрдүм деп, / Тайтайып карап турайын, / Күн чалгынча күйө көр, / Күн тийгенче келбесем, / Өлгөнүм болот Сыргагым, / Өз жолуңа жүрө көр, - / Деп ошентип Алмамбет, / Колду кармап бекем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылы кыска эки күң, / Кой дегенге келбеди, / Жетелеше тайтайып, / Эшиктен чыга келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тайтайып турган баатырды, / Жакын жеткен Мадыкан, / Балта менен чапканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →