тайсалда
- Түз айта албоо, жооткотуу, жалтактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…итип, / Балдарыңды көрүп кел, / Жаш баладай чапкылап, / Антип жүрүү жакшы эмес, / Аттанганы биз калдык, / Айткалы келдим кеп-кеңеш, / Аттанып жолго саларбыз, / Тайсалдабай талаада, / Айалдабай барарбыз, / Алтыке деген киши экен, / Карманаптан келгени, / Бадыкөлүн маңгыттын, / Башкача мактап жиберди, / Батаңды бер балаңа, / Бастыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ «Ок өтпөйт экен буга» — деп, / Кезеген огун имерип, / Тай буурулга Кожожаш, / Тайсалдап туруп атты ок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →