тайраңда
- Буттарын чалыштатуу, түз баспоо.
- өт. Опсуздануу, орунсуз эркелөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Ары-бери кылжыңдап, / Бир денеден төрт кол бар, / Ар тарапка арбаңдап, / Кишиге окшош буту эки, / Жүгүрүшүп тарбаңдап, / Туураланып жөнөсө, / Үрккөн төөдөй тайраңдап, / Курсагы чыгып чердейип, / Мойнун силкип калжаңдап, / Көккө тойгон уй, торпок, / Таначардай дардаңдап, / Кутурган иттей арсылдап, / Үндөрү суук карсылдап, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Минген нары тайраңдап, / Ала көбөң аңгидей, / Кирип келди дардаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Жойкаранын жебесин, / Алмамбет олжо алганын, / Уруусу муңгул Шыпшайдар, / Жебеден куру калганын, / Ал жебени көргөндө, / Чиктей калды туралбай, / Кайрат кылып тайраңдап, / Жебени кездеп тартаңдап: / «Чечекейдин чети, — деп, / Ак чел менен кара чел, / Аралашкан чеги, — деп, / Алыс кетсе аткан ок, / Туулгага тийер, — деп, / Туул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…турган аскердей, / Бой жасап терек закыйып, / Бугусу ойноп тарбаңдап, / Бүркүттөр учуп далбаңдап, / Кулжа менен тоо теке, / Мүйүздөрү калдаңдап, / Төөлөр ойноп тайраңдап, / Уйлары ойноп сайгактап, / Чөөлөрү күлүп шыңкылдап, / Жагалмай учуп зыпылдап, / Сүйкүм шамал жел айдап, / Кеңколдун ичи зыркырап, / Ачылсын баатыр жолуң, деп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…басын, / Ушул Лама зор душман - / Ал төөчүнү кошо алып, / Күлдүрдүн уулу Алдырбай, / Артынан түштү жол алып, / Аңгыча Лама шек алып, / Ылгап төөдөн миниптир, / Тайраңдатып чапкылап, / Качып жолго кириптир, / Артынан кууп жете албай, / Же уйалбай кайта кете албай, / Кууп келет Алыбай, / Барган сайын күч алып, / Төөсү барат талыбай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →