тайманбас
- Тартынбас, жүрөктүү, коркпос.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөрү жолдуу Бөгө уулу, / Ырчы, Бозуул ыктуусу, / Чатырды сактап турушту, / Бу тайманбас жоодон мыктуусу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мүнөзүң бар тайманбас, / Алдынан кебиң өткөргүн, / Конок камың кылып тур, / Аз күндө мен келем, де, / Каныкей менен Манасың, / Кастарлап отко кирет, де, / Каныкейди алганда, / Калың…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тайманбастан, Гүлчоро, / Качырып найза салгының.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тайманбастан түгөнгүр, / Чоң балта колго алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →