тайман

китептерде 23 жолу, 6 китепте
  1. Тартынуу, батына албай, жүрөгү даабай коюу, ийменүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмчектери салаңдап, / Кысыр эмди танадай, / Эки колдун булчуңу, / Алты жашар баладай, / Амири менен кудурет, / Жан жараткан ар кандай / Жаандын баарын сорчудай, / Келе жатат тайманбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бала баатыр Бактыбай, / Чойун алпка карабай, / Аксаргылга Сүйүндү, / Миндирип кетти тайманбай, / Испандардын Ачакан, / Чойун алпка жетиптир, / Куткарып алып кетиптир, / Туу түбүндө Чолпонбай – / Чоктой кызыл жалынга, / Беттеп бенде баралбай, / Буулугуп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачуусу чындап келгенде, / Атадан качан тайманган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрлик кандай, жол кандай, / Боло бербейт айткандай, / Найза сайдың айанбай, / Кылыч чаптың тайманбай, / Эчтекени көрбөстөн, / Көөнүңдөгү кепти айтып, / Күрпүлдөдүң ар кандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ошол күнү тайманбай, / Жалгыз жумуш бүтүргөн, / Жакыптын,Сыргактын уулу / Тегин киши дебегин, / Келген төртөөн сен муну! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →