тайлак
- Бир жаштан өткөн төө.
- диал. Тестиер бала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыз-келиндер чогулуп, / Үй-үйдө козу сойулуп, / Алдыртан тиктеп мелтиреп, / Келиндин көзү койулуп, / Жыла басып илбирстей, / Кыз балдары чойулуп, / Сүт бото тайлак төө сойуп, / Абышка кемпир чогулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Эчтеке менен кээри жок, / Козу ордуна тайды жеп, / Катыны каймак жалабай, / Балдары майга карабай, / Өтө эркин болуптур, / Көңүлү толуп кыргыз жай, / Келиндер тайлак байлашып, / Кемпирлер куйрук чайнашып, / Кары-жашы дебестен, / Эртеден кечке ат кетпей, / Эшигине жайнашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кысыр эмди тай, тайлак, / Конокко сойуп Чоңжинди, / Төө сойуп конок кондурду, / Томсоруп карап олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түндүгүнө кара бет, / Сүт бото тайлак төө алып, / Калаадан арак алдырып, / Каркытган көөкөрүн, / Жибектен боосун чалдырып, / Кол куржунга салдырып, / Кагаз-кагаз чай алып, / Капакка салып бал алып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чыныбек тайлак болуп муңканып, эки көзүнүн жашын мончоктотуп төгүп, боздоп турду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →