тайкы
- Кыска, тыкыр.
- өт. Терең эмес, үстүртөн, чолок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ир көк жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким көргөн мындай жумушун; / Сол жагында бирөө бар, / Кылы тайкы кулун жал, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Мингени сулуу жылкыдан, / Тышкы жүнү кызылдан, / Туулгасын кырдаган, / Найзасын оңдоп ыргаган, / Кызыл чийки өңү бар,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колуна найза курчту алып, / Күркүрөсө бул чочко, / Үнү күндөй угулат, / Жүрөгү тайкы адамдын, / Сийдиги агып чубурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жанып турса ал чырак, / Жүрөгү тайкы кишилер, / Жүрө албайт экен калтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жүрөгү тайкы адамдар, / Корголоп аттын артына, / Жөө түшүшүп бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →