тайгыл
- Таюу, сыйгалануу, жаза басуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еп, / Арабыз артуу топ белес, / Мен жеткенче Матанды, / Башын кесип кетер,деп, / Алдында көргөн адырдын, / Барар жолун белгилеп, / Жагалмайдай тору атты, / Көз тайгылта сыздырып, / Алты белес беш кокту, / Арада калып канча жер, / Бекбача жетти сурданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөдөндөкү чарайна, / Какпай найза сайышып, / Кененимдин найзасы, / Каңгып чыкты тайгылып, / Чойун алп куру кол калды, / Найзасы сынып айрылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чыга калса кашатка, / Көпүрө турат заңгырап, / Көз тайгылып жиги жок, / Келишкен экен зымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чойтолоң менен Тазкара, / Ата башка, эне бир / Бир катындын уулу элек, / Эми качып жүрөбүз, / Тапан хандан куугун жеп, / Ала турган сулуусун, / Тайгылдык жолдон канчык деп, / Сага келип кез болдук, / Жүрөк турат болкулдап, / Ажал айдап келдик — деп, / Тазкаранын бүттү кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Душманга барса аттанып, / Сен экөөңдү бел кылды, / Жети хан аргын ногойго, / Сен экөөңдү хан кылды, / Душманыңды кем кылды, / Тууганыңа бел кылды, / Семетей сага, Канчоро, / Кай жеринен тайгылды?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →