тайган

китептерде 213 жолу, 9 китепте
  1. Аңчылык ишинде пайдаланылуучу күлүк ит.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мойнунан байлап тайгандай, / Ай-ааламды кыдыртып, / Аныктап берем эсепти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жолборсум Көкчө сен болсоң, / Жолунан тайган мен болсом, / Тозгунча адам өлсөчү, / Толгонуп Көкчө көрсөңчү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ркконун билип булардын, / Жалгызек турду муну айтып: / — Коркпогула, туугандар, / Мындай тамсил бир кеп бар - / “Сулуу кыз менен күлүк ат, / Кыраан бүркүт, зил тайган- / Төртөөнүн баасы жок болот” / “Кызыл тилдин сөөгү жок, / Баш сыпаанын жүзү жок”- / Элдер айтып келаткан, / Ушул болот “эки жок” / Аш кайнамча токтолду, / Кың… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →