тайгак

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Сыйгалак, тайгалак, тайып, тайгаланып кетме.
  2. өт. Кыйын-кысталыш, турмуш, тиричилик жолундагы кыйынчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айткандан тансаң тайгактап, / Айлаң кетсе да бир күн, / Анда кандай кыласың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ай, / Жоодар айтат момундай: / — Мени менен тең жүрүп, / Чыдабайсың Талпакбай, / Жети күндө жетейин, / Чоң Таласка мен калбай, / Башы жети учу бир, / Жон атагы Тайгакташ, / Миңден ашуу айу бар, / Жакшы тосуп жолдорун, / Багып тургун тар кылбай, / Бүгүндөн баштап кыпчакка, / Ээ болгунуң, Талпакбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кол куушуруп келдим, деп / Чойтолоң барбайт Сейитке, / Тапан хандан тайгактап, / Куткарбас барбайт деги эле, / Мындан башка кебим жок, / Кайтып кеткин Картыке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Качырган балбан Калкатай, / Сомбилек көзгө камгактай, / Маңгыттар байкап караса, / Каршылашкан Сомбилек, / Басуучу жолу тайгактай, / Жаш бала өлүп кетер, деп / Көзү ачык кетет бекер, деп / Каманчы кунун кубам, деп / Калкатай кирди кекерлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эл кара талашып алактап кетип баратып, бир кезде Музарттын күркүрөгөн, тайгак суусуна көч-мөчү менен, бешиктүү катын бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир күрүлдөп кирди дейсиң — эми мындагы кыргынды сураба! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →